ЖЕРДИК I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Теги, чыккан жери, түпкүлүгү, негизи. Баатыр элден өскөн деп, Жердигиңди сүйгөмүн (Нуркамал). Товары жакшы, жердиги – бостон (Таштемиров). Атам эр, элим да эр, жердигим эр (Мидин). 2. Буюмдун түпкү негизи, материалы, негизги үлгүсү, негизги түсү. Жердиги боз, көк, кызыл оймолуу ала кийиздин үстүндө 7–8 жашар эки секелек кыз топ таш ойноп олтурушат («Ала-Тоо»).